Өмүрбеков, Токторбек
Wikipedia дан
- кыргыз тарыхчысы, профессор, тарых илимдеринин доктору. 1955-жылы 27-мартта Теңиртоонун Атбашы аймагында Карасуу кыштагында (айтылуу Кошой-Коргон шаар чалдыбары жайгашкан айылда) туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин деканы.
Бир катар окуу китептердин, монографиялардын, макалалардын автору. 19-кылымдагы кыргыздын тарыхый инсандары, 20-кылымдын башындагы улуттук боштондук кыймыл, Кыргызстандагы саны аз улуттардын коомдогу ролу жана жалпы эле Кыргызстан тарыхын орто мектептерде окутуу маселелери боюнча адис.