Web Analytics Made Easy - Statcounter

See also ebooksgratis.com: no banners, no cookies, totally FREE.

CLASSICISTRANIERI HOME PAGE - YOUTUBE CHANNEL
Privacy Policy Cookie Policy Terms and Conditions
Чоротегин, Тынчтыкбек - Wikipedia

Чоротегин, Тынчтыкбек

Wikipedia дан

(Чороев Тынчтыкбек Кадырмамбет уулу) - кыргыз тарыхчысы, профессор, тарых илимдеринин доктору, журналист, публицист. 1959-жылы 28-мартта Нарын дубанындагы Онарча (Эчкибашы) кыштагында туулган. 2003-жылдын 1-январынан тартып – “Азаттык” үналгысынын (Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматынын) директору.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору. Кыргызстан жана Ички Азия, Борбордук Азия тарыхы боюнча бир катар илимий эмгектердин (монографиялардын, макалалардын), окуу китептердин автору.

1981-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. 1983-1988-жылдары Ташкенде Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы чыгыш таануу институтунда стажер жана аспирант катары таалим алган. Ал жерде орто кылымдардагы араб тилин жана түрк тилин үйрөнгөн. 1994-1997-жылдары Кыргыз улуттук университетинин докторантурасында окуган.

1989-жылы июнда Уюштуруу жыйыны өткөн Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын (ассоциациясынын) негиздөөчүлөрүнүн бири, анын 1991-1995-жылдардагы төрагасы.

1990-жылы май айында “Кыргызстан” демократиялык кыймылын (КДК) уюштурууга салым кошкон, бул уюмдун уставынын долбоорун даярдаган. 1992-жылы Кыргызстандын Конституциясынын атаандаш (альтернативалык) вариантын автордош катары жазууга катышкан.

1991-жылдын апрел (чын куран) айынан тартып “Азаттык” үналгысынын жергиликтүү кабарчысы болгон. 1998-жылдын апрел айынан 2000-жылдын июл (теке) айынын соңуна чейин Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын продюсери болуп (Лондондо) иштеген, андан соң “Азаттык” үналгысынын Прагадагы башкеңсесинде иштеп келет.

Кыргыздын жана чыгыш түрк элдеринин көөнө жана орто кылымдардагы тарыхы, жазма маданияты, Махмуд Кашгаринин мурасын иликтөө, кыргыз тарыхын жаңыча изилдөө маселелери боюнча адис. Илимий эмгектери Кыргызстанда, Орусияда, Европада, АКШда, Түркияда кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде жарык көргөн. Бир катар сатиралык жана публицисттик макалалары да кыргыз тилинде жарык көргөн.


aa - ab - af - ak - als - am - an - ang - ar - arc - as - ast - av - ay - az - ba - bar - bat_smg - bcl - be - be_x_old - bg - bh - bi - bm - bn - bo - bpy - br - bs - bug - bxr - ca - cbk_zam - cdo - ce - ceb - ch - cho - chr - chy - co - cr - crh - cs - csb - cu - cv - cy - da - de - diq - dsb - dv - dz - ee - el - eml - en - eo - es - et - eu - ext - fa - ff - fi - fiu_vro - fj - fo - fr - frp - fur - fy - ga - gan - gd - gl - glk - gn - got - gu - gv - ha - hak - haw - he - hi - hif - ho - hr - hsb - ht - hu - hy - hz - ia - id - ie - ig - ii - ik - ilo - io - is - it - iu - ja - jbo - jv - ka - kaa - kab - kg - ki - kj - kk - kl - km - kn - ko - kr - ks - ksh - ku - kv - kw - ky - la - lad - lb - lbe - lg - li - lij - lmo - ln - lo - lt - lv - map_bms - mdf - mg - mh - mi - mk - ml - mn - mo - mr - mt - mus - my - myv - mzn - na - nah - nap - nds - nds_nl - ne - new - ng - nl - nn - no - nov - nrm - nv - ny - oc - om - or - os - pa - pag - pam - pap - pdc - pi - pih - pl - pms - ps - pt - qu - quality - rm - rmy - rn - ro - roa_rup - roa_tara - ru - rw - sa - sah - sc - scn - sco - sd - se - sg - sh - si - simple - sk - sl - sm - sn - so - sr - srn - ss - st - stq - su - sv - sw - szl - ta - te - tet - tg - th - ti - tk - tl - tlh - tn - to - tpi - tr - ts - tt - tum - tw - ty - udm - ug - uk - ur - uz - ve - vec - vi - vls - vo - wa - war - wo - wuu - xal - xh - yi - yo - za - zea - zh - zh_classical - zh_min_nan - zh_yue - zu -