Web Analytics Made Easy - Statcounter

See also ebooksgratis.com: no banners, no cookies, totally FREE.

CLASSICISTRANIERI HOME PAGE - YOUTUBE CHANNEL
Privacy Policy Cookie Policy Terms and Conditions
Сактар - Wikipedia

Сактар

Wikipedia дан

«Сак» аталышы. Кыргызстандын жана ага чектеш аймактардын б. з. ч. III к. чейинки негизги калкы сактардын чыгыш бутагы болгон. Байыркы перстердин падышасы Дарий I (б. з. ч. 522—486-жж. бийлеген) аска беттеринде калтырган жазууларда орто азиялык калк жалпысынан сак деп берилген. «Сак» этнониминин түпкү мааниси тууралу талаш пикирлер көп. Айрымдары инди-ирандык диалектилерге таянуу менен «сак» этноними «ит» деп, же «бугу» деп түшүндүрүлөөрүн болжолдосо, башка бирлери түрк, монгол сыяктуу тилдерге таянуу менен, «чач» деген маанини туюнтаарын боолголошкон. Дарий I отурган байыркы Ирандын борбору Персополдун жанындагы Накш-и Рустем (Үрүстөмдүн оймо-чиймеси») капчыгайындагы бейит бетиндеги жазууда сактардын үч башка түрү эскерилген. Алар «сакатйаий-парадрайа» — деңиздин (дарыянын) өйүзүндөгү сактар», «сака-хаумаварга» — «хаумду кадырлоочу сактар» (т.а. «хаум» деп аталган чекенде дары чөбүнүн ширесин диний жөрөлгөдө пайдалануучулар) жана «сака-тиграхауда» — «чуштугуй калпакчан сактар» деп бөлүнгөн. Мында «сака» сөзүнө кошулган аныктамалар перстерге таандык. Бул уруулар өздөрүн кандай атагандыгы тууралу маселе толук чечиле элек. Иранга баш ийбеген сактар. Байыркы Ирандагы Ахеменийлер сулалеасинин эң кудуреттүү падышасы Дарий I айтылуу Бехистун аскасында өзү тууралу: «Мен — Дарий, улуу падыша, падышалардын падышасы, Персиянын падышасы, өлкөлөрдүн падышасы...» деп жазып, өзү багындырган өлкөлөрдүн ичинде «сака» этнонимин да эскерген. Ушул жазуунун бешинчи катарында Дарий I чуштугуй калпактуу сактарды багындырып, жолбашчысы Скунханы туткунга алганын жазат. Арийне, тиграхауда сактарынын бардыгын тең Дарий I каратып ала алган эмес. Сырдарыянын ортоңку агымына жакын жашаган чуштугуй калпактуу сактар гана Иранга убактылуу багынган. Тиграхауда сактары Сырдарыянын ортоңку агымын гана ээлебестен алардын жери Согду өлкөсүнөн (азыркы Самарканд аймагынан) түндүк-чыгышка созулуп кеткен. Хаумаварга сактары болсо Памир-Алайдан Индиянын түндүк-батышына чейин жердеген деген пикир бар. Аларды Иранга Кир II деген падыша б. з. ч. 545—539-жж. аралыгында каратканы маалым (б. з. ч. 530-ж. өлгөн). Тиграхуада сактарынын Түндүк Кыргызстан, Жети-Суу аймактарында жашаган урууларынын мекенине ирандык аскерлер караандаган да эмес. Сактардын тили. Жалпысынан сактар инди-иран тилдеринин түндүк-чыгыш диалектисинде сүйлөгөн. Алар б. з. ч. II миң жылдыкта андрон археологиялык маданиятын түзгөн уруулардын урпактарынын бири эле. Сактардын ата-теги арий (арйа) урууларына барып такалаары тууралу илимий божомолдор бар. Орто Азия жана Иранда б. з. ч. I миң жылдыктын башында, мындан дээрлик 3 миң жыл илгери түзүлгөн зороастризм диний ыйык китеби «Авеста» («Осуяттоо» же «Мактоо» деп которулат) аталган аймактын арийлеринин тилинде жазылган. Ал азыркы фарсы, тажик тилдеринин эң байыркы башаты болуп саналат. Арийлердин душманы катары эсептелген тур эли Кангханын жанында (Сырдарыянын ортоңку жана төмөнкү агымы тарапта) б. з. ч. II миң жылдыктын акырынан тартып эскерилет. Турлар тууралу арийлердин ыйык диний чыгармасы «Авестада» айтылган. Турлар да арийлер менен жалпы бир кудайга сыйынганы тууралу «Авестанын» маалыматы кызык. Бирдей табыгый шартта коңшулаш жашаган эң байыркы эки элдин этномаданий алакаларынын тыгыз өнүгүшү, ал түгүл бири-бирине окшош диний түшүнүктөрдү тутушу толук мыйзам ченемдүү эле. Арийне, турлар жана алардын өлкөсү тууралу бир гана тараптын — алардын Арьян өлкөсүнүн жашоочулары — арийлердин гана бизге жеткен диний гимндеринде эскерилет. Турлар тили боюнча арийлерден айырмаланган. Азыркы илимпоздордун айрымдары турларды инди-европалык тилдердин биринде сүйлөгөн жана андрон маданиятын негиздөөчүлөрүнөн болгон дешсе, кай бирлери «тур» сөзүнөн «түрк» этнониминин эң байыркы изин көрөт жана прототүрк урууларынын орто азиялык бир уруу бирикмеси жайгашкан чөлкөм б. з. ч. II миң жылдыктан бери эле Туран аталган деп жыйынтыкташат. Б. з. ч. I миң жылдыкта жашаган сактар да Орто Азияда жана Чыгыш Түркстандын ага чектеш бөлүктөрүнө көчүп-конуп жүргөн. Алардын түштүк жана батыш бөлүгү арийлердин түздөн-түз урпактары катары бааланат. Демек, сактар жалаң инди-ирандык тилдерде жана диалектилерде сүйлөгөн деп бүтүм чыгарууга болот. Арийне, байыркы перстер «сак» этнонимин жалпылаштыручу этностук аталыш катары пайдаланышкан. Демек, Иранга түндүк-чыгыш жактан коңшу турган алгачкы элдин атынан эле алардын аркасындагы башка элдерди да «сак» деп атап калышкан. Бирок бул элдер өздөрүнө маалым сактардан да айырмаланышаары белгилүү болгондо өздөрүнө жакын сактарды — Амударыя сактарын дарыянын аркы тарабындагы сактар — сака тйаий парадрайа деп белгилешкен. Согдунун аркасындагы сактар — сакатйаий пара сугдам деп ферганалык сактар айтылган. Ал эми эң түндүк-чыгышта жайгашкан элдерди сака-тиграхауда деп жалпылаштырып аташкан. «Чуштугуй калпакчан сактар» деп аталган бул топ тилдик жактан ар кыл этностук бөлүктөрдөн, алардын ичинде чыгыш инди-иран диалектисинде да , прототүрк диалектисинде (түрк менен монголдун ата-тегине таандык тилде) да сүйлөшкөндөрү да божомолдонууда. Бул уруулар өздөрүн кандайча атагандыгы эч бир булакта ишенимдүү жазылып калбаган. Алар төбөсү бийик жана чуштугуй баш кийим кийгени үчүн гана батыш коңшулары тарабынан сырткы көрүнүшүнө карата шарттуу аталышка (тиграхауда) ээ болушкан. Антропологиялык маалымат. Жазуу эстеликтери үзүл-кесил гана кабар берген аймактардын элдеринин тарыхын калыбына келтирүүдө археологиялык казуулар учурунда табылып, илим чөйрөсүндө аныкталган заттардын мааниси чоң. Ал эми эски көрүстөндөрдө табылган адам сөөктөрү антропология илиминде изилденет. Маркум сөөктөрүнүн расалык өзгөчөлүктөрү илим үчүн чоң натыйжаларды бериши мүмкүн. Маселен, байыркы бир кылымда жашаган калк европеоид расасына таандык болсо, ошол эле жерди жердеген бир нече кылымдан кийинки калктын сөөктөрү монголоид расасына тиешелүү болуп чыкса, демек, бул аймакта мурдагы расага таандык калк сүрүлүп, жаңы келген расага таандык элдер жашап калгандыгы тууралу бүтүм кылууга болот. Албетте, калктардын расалык жактан өзгөрүшү журт которуп кетүү менен гана чечилбейт. Адам баласынын узак замандык тарыхында расалар аралык байланыштар, өз ара жуурулушуулар тынымсыз болуп турган. Бүгүнкү Борбордук Азияда бир эле учурда европеоид жана монголоид белгилери менен бири-биринен айырмаланган, бирок тектеш түрк тилдеринде сүйлөгөн калктар жашайт (түркмөндөр менен кыргыздарды салыштырууга болот). Ири антрополог окумуштуулардын акыркы жыйынтыгы сактардын тарыхын чечмелөөгө жардам бере алат. Монголоид тибиндеги адамдардын жүзү жайпагыраак келери маалым. Б. з. ч. VIII—III кк. Орто Азиядагы калктын басымдуу бөлүгү европеоид жүзү менен айырмаланган. Алар көбүнчө отурукташкан дыйканчылык турмушта жашашкан. Ал эми негизинен көчмөн мал чарбачылыгы үчүн ылайыктуу Арал боюнда, Алай жана Теңир-Тоо аймагында, Зарафшан дарыясынын өрөөнүндө жашаган уруулар б. з. ч. VIII—III кк. калтырган мүрзөлөрдө изилденген сөөктөр жайпак бети — монголоид белгилери менен айырмаланган. Расалык жактан мындай айырмачылык борборазиялык калктардын ошол доордогу этностук да ар түрдүүлүгүн айгинелей алат. Демек, б. з. ч. I миң жылдыкта, ирандык ж. б. булактарда орто азиялыктар жалпылаштырылып «сак» деп аталган менен, бул жердин калкы уруулук жана этностук жактан жок эле дегенде ири эки топко жиктелген. Алардын бири — чыгыш инди-ирандык калктар экендиги талашсыз. Экинчилери — чыгыш тарабынан келип, Орто Азияга монголоид расалык белгилерди тараткан тарыхый коңшулары болгон. Орто Азиянын түндүк-чыгыш жана чыгыш аймагын («тиграхауда сактары» делген уруулар жердеген аймакты) мекендеген бул калк түрктөрдүн байыркы ата-тегинин Борбордук Азиядан батышка оогон алгачкы бөлүктөрүнөн болуп саналат.


aa - ab - af - ak - als - am - an - ang - ar - arc - as - ast - av - ay - az - ba - bar - bat_smg - bcl - be - be_x_old - bg - bh - bi - bm - bn - bo - bpy - br - bs - bug - bxr - ca - cbk_zam - cdo - ce - ceb - ch - cho - chr - chy - co - cr - crh - cs - csb - cu - cv - cy - da - de - diq - dsb - dv - dz - ee - el - eml - en - eo - es - et - eu - ext - fa - ff - fi - fiu_vro - fj - fo - fr - frp - fur - fy - ga - gan - gd - gl - glk - gn - got - gu - gv - ha - hak - haw - he - hi - hif - ho - hr - hsb - ht - hu - hy - hz - ia - id - ie - ig - ii - ik - ilo - io - is - it - iu - ja - jbo - jv - ka - kaa - kab - kg - ki - kj - kk - kl - km - kn - ko - kr - ks - ksh - ku - kv - kw - ky - la - lad - lb - lbe - lg - li - lij - lmo - ln - lo - lt - lv - map_bms - mdf - mg - mh - mi - mk - ml - mn - mo - mr - mt - mus - my - myv - mzn - na - nah - nap - nds - nds_nl - ne - new - ng - nl - nn - no - nov - nrm - nv - ny - oc - om - or - os - pa - pag - pam - pap - pdc - pi - pih - pl - pms - ps - pt - qu - quality - rm - rmy - rn - ro - roa_rup - roa_tara - ru - rw - sa - sah - sc - scn - sco - sd - se - sg - sh - si - simple - sk - sl - sm - sn - so - sr - srn - ss - st - stq - su - sv - sw - szl - ta - te - tet - tg - th - ti - tk - tl - tlh - tn - to - tpi - tr - ts - tt - tum - tw - ty - udm - ug - uk - ur - uz - ve - vec - vi - vls - vo - wa - war - wo - wuu - xal - xh - yi - yo - za - zea - zh - zh_classical - zh_min_nan - zh_yue - zu -