Кыргыз тарыхынан окуялар
Wikipedia дан
Б.з.ч. 203-201 жж. - Энесай кыргыздар жөнүндө биринчи жазуу маалыматтар. Башка маалыматтарда байыркы кыргыздар Чыгыш Теңиртоодо байырлаган деп да айтылат.
Б.з.ч. 2-1 кк. – байыркы кыргыздардын согуштук биримдигинин эрте мамлекетке айланышы, кыргыздардын бир тобунун Энесайга журт которушу.
1 к-дын ортосу - 2 к-дын ортосу - Чыгыш Теңиртоодо байырлаган байыркы кыргыздардын түндүк хуннуларга каршы уруштары.
4-5 кк. - Кыргызстан аймагы Эфталиттер мамлекетинин курамында.
6-13 к-дын башы – Энесайдагы Кыргыз кагандыгы. Энесай руна сымал жазмасы.
8 к-дын экинчи жарымы – Кыргыздардын Тибет, Кытай, мусулман өлкөлөрү менен соода алакалары түзүлгөн, кыргыздар менен Теңиртоодогу карлуктардын ортосунда өз ара кызматташтык өнүккөн.
820 ж. – кыргыз ажоосу өзүн каган жарыялап, Уйгур кагандыгына каршы согуш ачкан.
840 ж. - кыргыз каганы Уйгур кагандыгынын борбору Ордо-Балыкты басып алган.
840-847 жж. – Энесай кыргыз мамлекетинин Ички Азия, Чыгыш Теңиртоого чейин кеңейиши.
9 к-дын ортосу -1 0 к-дын башы – Энесай кыргыздарынын айрым топтору Тениртоого журт которгон. Ички Азияда кыргыздар үстөмдүк кылып турган.
874-999 жж. - Фергана аймагы Саманийлер сулалесине баш ийип турган.
893-894жж. - Саманийлер Талас өрөөнүнө кол салган.
940 ж. - Баласагун шаарын Караханийлер басып алган.
940-1212 жж. – Караханийлер кагандыгы.
960 ж. - Караханийлер кагандыгында ислам мамлекеттик дин катары кабыл алынган.
10–11 кк. – Чүй өрөөнүндө исламдын тарай башташы.
10-12 кк. – Теңиртоодогу (Тяншандагы) Караханийлер сулалеси (династиялык мамлекети). Бурана мунарасынын, Шах-Фазил күмбөзүнүн, Өзгөн архитектуралык комплексинин курулушу.
1072-1073 жж. – Махмуд Кашгари Барскани араб тилинде айтылуу «Дивану Лугат ит-түрк» («Түрк тилдеринин сөздүгү») сөз жыйнагын түзгөн.
1069–1070(1096) жж. - Атайын Ажиб (Хасс Хажиб) Жусуп Баласагуни «Кутадгу билиг» - "Кут ыроолочу билим (бийлик)" аттуу нускоочу китебин жазган.
1211–1218 жж. – Теңиртоодо найман ханзаадасы Күчлүктүн бийлигинин орношу.
1218-1219 жж. – Чыңгызхандан колунун Теңиртоону басып кириши жана Борбордук Азияда монгол бийлигинин орношу.
1228–1241 жж. – Кыргызстан аймагы Чагатай хандын улусунун курамына кирген.
1269 ж. – Орто Азия бийлеринин Таласта өткөн курултайы.
1370-1371 жж. - Аксак Темирдин Теңиртоого жасаган алгачкы жортуулдары.
1389ж. - Аксак Темир Теңиртоону басып алган.
15 к-дын 80 жж. – Түндүк Теңиртоодогу кыргыздардын өз алдынча саясий бирикмесинин калыбына келиши.
1484-1503(1504) жж. – Ахмед хандын кыргыз улус-хандыгындагы бийлиги.
15 к-дын аягы - 16 к-дын башы – кыргыз элинин этностук өнүгүүсүнүн жаңы баскычы.
15 к-дын экинчи жарымы - 16 к. – кыргыздардын могол төбөлдөрүнө каршы күрөшү.
1510-1524 жж. - бек (эмир) Мухаммед Кыргыздын Теңиртоодогу бийлиги.
1524-1550 жж. - кыргыз-казак согуш ынтымагы.
16 к-дын биринчи жарымы – Сейф-ад Дин Ахсикентинин «Мажму-ат-таварихинде» («Тарыхтар жыйнагында») «Манас» эпосунун сюжетинин кара сөз менен биринчи жолу жазылышы.
1635-1755(1758) жж. - кыргыздардын калмак (ойрот, жуңгар) баскынчыларына каршы күрөшү.
1636 ж. - кыргыздардын айрым бөлүгүнүн Теңиртоодон Памир-Алайга көчүшү.
1680-1702 жж. – Чыгыш Түркстандын башкы шаарларын кыргыз бийлери бийлеп турган.
1703 ж. – 15 миңдей Сибирь кыргыздарын ойроттор Жуңгарияга зордоп көчүрүп кеткен.
18 к-дын 2 жарымы – кыргыздардын айрым бөлүгүнүн Памир-Алай жана Чыгыш Түркстандан Теңиртоого кайтып, Кыргызстандын түндүгүнө кайрадан отурукташуусу.
18-19 кк. - Энесайдагы Миңсуу өрөөнүндө сибирдик кыргыз урууларынын негизинде хоорай (хакас) эли негизделген. Бир катар энесайлык кыргыз уруулары Сибирдеги азыркы алтай-кижи, шор, тыва элдерине, андан тышкары монгол, бурят, уйгур, сары уйгур, кытай, манчжур сыяктуу Ички жана Чыгыш Азиядагы элдерге жуурулушуп кеткен.
…