Web Analytics Made Easy - Statcounter

See also ebooksgratis.com: no banners, no cookies, totally FREE.

CLASSICISTRANIERI HOME PAGE - YOUTUBE CHANNEL
Privacy Policy Cookie Policy Terms and Conditions
Конфуций - Wikipedia

Конфуций

Wikipedia дан

Конфуций / Кун фу цзы (б.з.ч.551-479)- байыркы Kытай ойчулу, кытай философиясында конфуцийчилик багытына негиз салган.

К. тектүү, бирок кедейленип калган үй бүлөдө туулган. Өмүрүнүн көбүн Лу падышалыганда өткөргөн. Жаш кезинде чиновник болгон, кийин Кытайда биринчи жолу өзүнчө мектеп ачкан. Анда К-дин санат сөздөрү , аңгемелери окутулган, жакын шакирттери топтолгон.

К-ди ар түрдүү эмгектердин ("Өзгөрүштөрдүн китеби", "Ырлар китеби") автору деп эсептешет, бирок анын көз караштарынын бир кыйла тагыраак булагы - "Аңгемелер жана ой жүгүртүүлөр" (Лунь юй") деген эмгеги болуп саналат, мында К-дин жана анын шакирттеринин санат сөздөрү жазылган.

К-дин философиялык системасынын борборунда адеп-ахлак жана тарбия маселелери турат. К-дин окуусундагы башкы жобо- жэнь (гумандуулук). Жэнь - адамдардын социалдык жана этикалык өз ара мамилелерин аныктай турган мыйзам. Бул мыйзамды К. мындайча аныктамалайт: "Өзүнө эмнени каалабасаң, аны башкаларга жасаба".

Ошондой эле анын философиясында ли түшүнугү чоң роль ойнойт, бул түшүнүк коомдук жашоо- турмуш нормалары дегенди билдирет жана жэнь этикалык мыйзамынын практикалык ишке ашырылышын көрсөтөт. Ли түшүнүгү коомдун бүткүл социалдык турмушун өзүнө камтыйт, бирок бул түшүнүктүн таасир-аракети адамдардын социалдык абалына байланыштуу ар түрдүү келет. К-дин системасында башка этикалык категориялар да орун алган: и - парыз, адилеттүүлүк сезими, синь - берилгендик, ак ниеттүүлүк. К-дин этикалык концепциясынын бардык категориялары нормативдүү инсанды мүнөздөө үчүн кызмат кылат, бул инсан эң жогорку моралдык сапаттарга ээ жана эң бийик социалдык абалды ээлейт. Мындай инсанды ал "асылзаада адам" деп атаган. "Асылзаада адамга", К-дин пикири боюнча, өзүнүн жеке керт башынын мүдөөсүнө жетеленген жана төмөнкү социалдык абалды ээлеген "кичиникей адам" карама каршы турат. Ошол эле убакта К. "жаратылышы боюнча бардык адамдар бирдей, бирок алар көнүмүш адат-жоруктарынан айырмаланышат. Мына ошондуктан өзүн өзү өркүндөтүү үчүн адам өз кемчиликтерин женип чыгып, изги жүрүш-турушка келиши керек.

К-дин айткандарында мамлекеттик бийлик проблемасы чоң орунду ээлейт. Анын пикири боюнча башкаруучулар элдин ишенемине ээ болууга жана аны өзүлөрүнүн жеке жүрүш-турушу менен тарбиялоого тийиш, анткени мамлекетти башкаруу ишке ашырылып жаткан формалар адамдардын жана жалпы эле коомдун адеп-ахлагына таасир берет. К-дин саясий программасы коомдун бардык мүчөлөрүнүн тийиштүү милдеттерин аныктоо менен чектелет. Ар бир адам коомдогу өзүнүн ордун билиши керек: "Падыша - падыша, букара- букара, ата-ата, уул- уул болууга тийиш". К. бардык чачыранды аймактарды бирдиктүү бир мамлекетке бириктирүүнү жактаган.

Конфуцийчиликтин идеялары Кытайдын тарыхында андан ары өнүктүрүлүп, кийин ал мамлекеттик дин катарында таанылган.


aa - ab - af - ak - als - am - an - ang - ar - arc - as - ast - av - ay - az - ba - bar - bat_smg - bcl - be - be_x_old - bg - bh - bi - bm - bn - bo - bpy - br - bs - bug - bxr - ca - cbk_zam - cdo - ce - ceb - ch - cho - chr - chy - co - cr - crh - cs - csb - cu - cv - cy - da - de - diq - dsb - dv - dz - ee - el - eml - en - eo - es - et - eu - ext - fa - ff - fi - fiu_vro - fj - fo - fr - frp - fur - fy - ga - gan - gd - gl - glk - gn - got - gu - gv - ha - hak - haw - he - hi - hif - ho - hr - hsb - ht - hu - hy - hz - ia - id - ie - ig - ii - ik - ilo - io - is - it - iu - ja - jbo - jv - ka - kaa - kab - kg - ki - kj - kk - kl - km - kn - ko - kr - ks - ksh - ku - kv - kw - ky - la - lad - lb - lbe - lg - li - lij - lmo - ln - lo - lt - lv - map_bms - mdf - mg - mh - mi - mk - ml - mn - mo - mr - mt - mus - my - myv - mzn - na - nah - nap - nds - nds_nl - ne - new - ng - nl - nn - no - nov - nrm - nv - ny - oc - om - or - os - pa - pag - pam - pap - pdc - pi - pih - pl - pms - ps - pt - qu - quality - rm - rmy - rn - ro - roa_rup - roa_tara - ru - rw - sa - sah - sc - scn - sco - sd - se - sg - sh - si - simple - sk - sl - sm - sn - so - sr - srn - ss - st - stq - su - sv - sw - szl - ta - te - tet - tg - th - ti - tk - tl - tlh - tn - to - tpi - tr - ts - tt - tum - tw - ty - udm - ug - uk - ur - uz - ve - vec - vi - vls - vo - wa - war - wo - wuu - xal - xh - yi - yo - za - zea - zh - zh_classical - zh_min_nan - zh_yue - zu -