Китепкана таануу
Wikipedia дан
- журтчулук тарабынан китептерди пайдалануунун максатын, принциптерин, мазмунун, системасын жана формаларын изилдөөчү илим тармагы. Анын негизги бөлүмдөрү: жалпы К.т. (китептерди коомдук пайдалануу ишин уюштуруу маселелерин карайт), китепкана фондулары, китепкана каталогу, окурмандар менен иштөө, китепкана ишин уюштуруу, китепкана ишинин тарыхы.