Иса Ахунбаев
Wikipedia дан
Иса Коноевич Ахунбаев (12(25).9.1908, Ысыккөл областы, Торуайгыр кыштагы, - 5.1.1975, Фрунзе) – кыргыз хирургу, медицина илимдеринин доктору (1948), профессору (1949).
А. Ташкендеги Орто Азия медицина институтун бутургондон кийин (1935), Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935-1937), Фрунзе шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн ординатору, Кыргыз Мамлекетик Медицина Институтунун жалпы хирургия кафедрасынын ассистенти (1941). 1947-жылдан өмүрүнүн акырына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, КММИнин директору (1948-52), СССР медицина илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (1948), Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги (1954) жана туңгуч президенти (1954-1960), Саламаттык сактоонун отличниги (1946), Кыргыз ССР эмгек сиңирген врачы (1945), Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмери (1972). А-дин демилгеси жана жетекчилиги менен Фрунзе шаарындагы республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган (1959).
А-дин илимий изилдөөлөрү негизинен балдар сокур ичеги, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк орууларына арналган. Патофизиология боюнча Союзда белгилүү окумуштуу Г.Л.Френкель экөө чогулткан эксперименттик-клиникалык материалдардын негизинде жазылган “Шокторду классификациялоо жөнүндө” (1960) жана “Шок менен коллапс боюнча очерктер” (1967) деген монографиялары Кыргыз ССРинин илим боюнча Мамлекеттик сыйлыгына арзыган (1970). А. 170ден ашуун илимий эмгектин автору.
А. медицина илиминин 28 кандидатын, 5 докторун даярдады.