Web Analytics Made Easy - Statcounter

See also ebooksgratis.com: no banners, no cookies, totally FREE.

CLASSICISTRANIERI HOME PAGE - YOUTUBE CHANNEL
Privacy Policy Cookie Policy Terms and Conditions
«Азаттык» үналгысы - Wikipedia

«Азаттык» үналгысы

Wikipedia дан

- эл аралык көзкарандысыз эркин радио болгон “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун (Radio Free Europe/Radio Liberty Inc.) Кыргыз кызматынын расмий аталышы. Башкеңсеси Чехиянын борбору Прагада жайгашкан. Адегенде, 1949-жылы, мурдагы коммунисттик Чыгыш Европада жашаган калктар үчүн “Эркин Европа” радиосу түзүлгөн. Ал эми 1953-жылдан тартып мурдагы СССРде жашаган элдер үчүн “Азаттык” радиосу ачылган. Бул эки компания 1975-жылы бириккен. 

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысы ушу тапта дүйнөгө 26 тилдеги берүүлөрдү уктуруп келет. Ал АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат.

“Азаттык” үналгысынын берүүлөрү 1953-жылдан бери обого чыгып келатат. Эң алгач “Азаттыктын” “Түркстан редакциясынын” курамындагы кыргызча берүүлөрдү Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) даярдаган. Ал өзүнүн туңгуч берүүсүн 1953-жылы 18-мартта Германиянын Мүнхен шаарында обого чыгарган. Кийинчерээк анын жолун Төлөмүш Жакып уулу уланткан.

1967-жылы “Түркстан редакциясы” экиге бөлүнүп, анын бирөө “Түштүк Түркстан” деп аталып, өзбек, тажик, түркмөн тилдеринде, экинчиси “Түндүк Түркстан” редакциясы болуп, ал кабарларды кыргыз, казак, уйгур тилдеринде уктурган.

1975-жылы аталган редакциялар өз-өзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы “Азаттык” үналгысын) Төлөмүш Жакып уулу (1975-83/84), Азамат Алтай (1984-88), Аким Өзгөн (1989-95), Мамашарип Газы (1995), жана америкалык түрколог, доктор Чарльз Карлсон (1996-2002) башкарып келсе, 2003-жылдын 1-январынан тарта профессор, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин жетектейт. Мүнхенде “Азаттыкта” Азамат Алтай (1920-2006), Төлөмүш Жакып уулу, Маматиса Арал (“Эркин-тоолук”), Мамашарип Газы, Аким Өзгөн, Майра Жакып келини (“Бактыгүл”) жана Аруун Барпы Өзгөн иштеген.

Прагадагы башкеңседе ушул тапта Айнура Асанкожоева, Баян Жумагулова, Венера Жуматаева, Нарынбек Идинов, Эсенбай Нурушев, Амирбек Усманов, Жаңыл Чытырбаева, Улан Эшматов эмгектенип келет.

“Азаттык” үналгысынын Кыргызстандагы кабарчылары 1990-жылдан тартып иштеп келет. Анын алгачкы жергиликтүү кабарчысы – түрколог Кадыралы Конкобаев болгон. Андан кийин Т.Чоротегин, А.Дыйканалиева, А.Акматалиев, Э.Нурушев, В.Жуматаева жана башка ондогон алатоолук кабарчылар иштеди. Ушул тапта анын Кыргызстанда кырктан ашуун кабарчысы бар. “Азаттыктын” Бишкектеги бюросун 1991-2005-жылдары Т.Чоротегин (1991-95 жана 1996-98), Э.Нурушев (1995), С.Жигитов (1995-96), К.Молдокасымов (1998-2005) жетектешкен.

2005-жылдын 31-мартында Кыргызстандын Адилет (Юстиция) министрлиги [“Азаттык” үналгысы]нын жергиликтүү мекемеси “Азаттык-Медианы” расмий каттоодон өткөрдү. Анын учурдагы деректири – Кубат Оторбаев. Бул мекеме мурдагы Бишкек бюросуна караганда алда канча кеңири ыйгарым укуктарга ээ.

Ушул тапта “Азаттыктын” ар күнкү беш сааттык берүүсү - эртең мененки эки сааттык жана кечки үч сааттык дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктар менен окуяларга арналган программалары уктурулуп келет.

2004-жылдын 13-декабрынан баштап “Азаттык Плюс” жаштар программасы обого чыгууда.

Ошондой эле Кыргыз улуттук телерадио корпорациясы (УТРК, мурдагы КТР) менен келишим түзүлүп, апталык сыналгы долбоорлору көрүүчүлөргө тартууланып жатат. 2005-жылдын 4-майынан тартып “Азаттык” менен УТРК биргелешкен сыналгы долбоорун (“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүн) апта сайын обого чыгара баштады. 2006-жылдын 16-январынан тартып “Азаттык” менен УТРК дагы бир долбоорду – жаштарга арналган “Азаттык Плюс” апталык сыналгы берүүсүн обого чыгарып келет.

“Азаттык” үналгысынын интернет дареги – www.azattyk.kg.

“Азаттык” үналгысынын ардагери, маркум Азамат Алтайдын ысымы менен аталган стипендиялар Жалалабат жана Каракол университеттеринин мыкты студенттерине берилип келди. Бул университеттерде Азамат Алтайга арналган бурчтар бар. Ал эми Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейи 2006-жылдын ноябрында маркум Төлөмүш Жакып уулуна арналган атайын бурч ачты.

“Азаттык” үналгысынын бир катар жергиликтүү кабарчылары Кыргыз өкмөтүнүн жана бир катар коомдук уюмдардын ар кыл сыйлыктарына татыган.

Кыргызстан – “Азаттыктын” берүүлөрүн 1992-жылдан бери жергиликтүү жыштыктарда ырааттуу түрдө уктуруп келе жаткан борбордук азиялык бирден-бир өлкө.


aa - ab - af - ak - als - am - an - ang - ar - arc - as - ast - av - ay - az - ba - bar - bat_smg - bcl - be - be_x_old - bg - bh - bi - bm - bn - bo - bpy - br - bs - bug - bxr - ca - cbk_zam - cdo - ce - ceb - ch - cho - chr - chy - co - cr - crh - cs - csb - cu - cv - cy - da - de - diq - dsb - dv - dz - ee - el - eml - en - eo - es - et - eu - ext - fa - ff - fi - fiu_vro - fj - fo - fr - frp - fur - fy - ga - gan - gd - gl - glk - gn - got - gu - gv - ha - hak - haw - he - hi - hif - ho - hr - hsb - ht - hu - hy - hz - ia - id - ie - ig - ii - ik - ilo - io - is - it - iu - ja - jbo - jv - ka - kaa - kab - kg - ki - kj - kk - kl - km - kn - ko - kr - ks - ksh - ku - kv - kw - ky - la - lad - lb - lbe - lg - li - lij - lmo - ln - lo - lt - lv - map_bms - mdf - mg - mh - mi - mk - ml - mn - mo - mr - mt - mus - my - myv - mzn - na - nah - nap - nds - nds_nl - ne - new - ng - nl - nn - no - nov - nrm - nv - ny - oc - om - or - os - pa - pag - pam - pap - pdc - pi - pih - pl - pms - ps - pt - qu - quality - rm - rmy - rn - ro - roa_rup - roa_tara - ru - rw - sa - sah - sc - scn - sco - sd - se - sg - sh - si - simple - sk - sl - sm - sn - so - sr - srn - ss - st - stq - su - sv - sw - szl - ta - te - tet - tg - th - ti - tk - tl - tlh - tn - to - tpi - tr - ts - tt - tum - tw - ty - udm - ug - uk - ur - uz - ve - vec - vi - vls - vo - wa - war - wo - wuu - xal - xh - yi - yo - za - zea - zh - zh_classical - zh_min_nan - zh_yue - zu -