Келдибек Карбоз уулу
Wikipedia дан
18-кылымда жашаган манасчы.
К-тин өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө кабар, так маалымат бизге жетпеген менен анын таланттуу жомокчу болгондугун айгинелеген аңыз-уламалар бар.
Манасчы болушун Манас жана анын чоролору түшүнө кирип «Манасты айт» деп аян бериши менен түшүндүргөн. Ал «Манас» айтканда «Манастын» керемети аркылуу жайыттагы мал эч кимге айдатпай эле өзүлөрү келишкен. Манасчы кызыган кезде боз үй солкулдап, чак түштө күүгүм түшүп, Манас жана анын чоролору минген тулпарлардын дүбүртү угулуп турчу экен. К-тин Манасы жөнүндө айтылып жүргөн бул уламыш ошол замандагы анын аткаруусун уккан элдердин чыгарган элеси болуп эсептелет.